10:00 23 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Азия
Кыскача шилтеме алуу
288 0 0

Укук коргоо органдары 1,1 тонна героинди жок кылышты. Баңгизат өлкөгө "иштетилген мрамор" катары алып келинген.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Алматыда дүйнө тарыхында көлөмү боюнча экинчи болгон контрабандалык баңгизат жок кылынды. Бул тууралуу Казакстандын Финансы министрлигинин финансылык мониторинг комитетинин маалымат кызматына таянып Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары 1,1 тонна героинди жок кылышкан. Баңгизат ташуучу трансулуттук каналды жок кылуу боюнча атайын операция Германия полициясынын Криминалдык бажы кызматы менен биргеликте, ошондой эле Россия, Беларусь, Литва, Польша жана Нидерланд өлкөсүнүн күч органдары жана Бажы кызматтарынын көмөгү менен жүргүзүлгөн.

"2019-жылдын октябрь айында Казакстандын аймагына "иштетилген мрамор" алып келинген. Нидерланд өлкөсүнө жөнөтүлгөн жүктү текшерүү учурунда тергөөчүлөр 2 208 даана брикеттелген героин табышкан. Кылмыштуу топ товарды транзит аркылуу Ирандан Европа өлкөлөрүнө ташууну пландаштырган", — деп айтылат маалыматта.

Жүк кылдат көзөмөлдүн астында комитеттин ыкчам кызматкерлеринин коштоосу менен Германияга алып келинген. Ал жерден героинди кабыл алып жатып түрк жарандары кармалган.

Тарыхта жок кылынган эң ири көлөмдөгү баңгизат

Буга чейин ЖМКлар тарыхта эң ири көлөмдөгү баңгизат 2007-жылы АКШда жок кылынганын жазышкан. Анын салмагы 1,3 тоннаны түзгөн. Полиция аны Сан-Францискодогу каралбай калган шаардык пляждан тапкан. Анын болжолдуу баасы эки миллиард доллар деп бааланган. Контрабандалык жүктүн ээси табылган эмес.

Тема боюнча

Ошто героин сатып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео
Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды
Белгилер:
Казакстан, жок кылуу, героин

ЭҢ МААНИЛҮҮ