Токаев Казакстандын өкмөтү отставкага кетерин айтты

© REUTERS / Hannibal HanschkeКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын мыйзамдарына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин өкмөт отставкага кетиши зарыл.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстандын өкмөтү парламенттик шайлоо аяктаары менен отставкага кетет. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Биздин мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоодон кийин өкмөт отставкага кетиши зарыл. Добуш берүү соңуна чыккан соң жаңы депутаттар менен премьер-министрликке, өкмөт мүчөлөрүнө талапкерлер боюнча сүйлөшөм. Бардыгын тез арада бүтүрөбүз деп ишенем", — деди Токаев.
Ошондой эле өлкө башчы 15-январь күнү парламентке барып, мажилистин жаңы депутаттарына кайрылуу жасай турганын кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Казак парламенти эки палатадан (Сенат жана Мажилис) турат. Экөөндө биригип 156 эл өкүлү бар, алар беш жылга шайланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0