Өзбекстанда 84 метрлик шаркыратма толугу менен тоңуп калды. Сүрөт

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүТоңдурулган шаркыратма. Архив
Тоңдурулган шаркыратма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, Өзбекстанда катуу суук бир аптадан бери уланып келет. Өлкө аймагындагы суук -10 градуска чейин жетип жатат.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Өзбекстандын түштүгүндө катуу сууктан улам Сувтушар шаркыратмасы толугу менен тоңуп калды. Бул тууралуу Экология мамлекеттик комитетине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
"Бийиктиги 84 метрге жеткен Сувтушар шаркыратмасы тоңуп калды. Ал Кашкадария облусундагы Гиссар коругунда жайгашкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Синоптиктердин маалыматына караганда, Өзбекстанда катуу суук бир аптадан бери уланып келет. Өлкө аймагындагы суук -10 градуска чейин жетип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0