10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт. Беш партия ат салышууда

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүНур-Султан шаарында өтүп жаткан шайлоо учурунда. Архив
Нур-Султан шаарында өтүп жаткан шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Конституциясы боюнча мажилистин курамы 107 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Ушул жуманын аягы, 10-январда, Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына (мажилис) депутаттарды шайлоо өтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.
Шайлоодо төмөнкү беш партия ат салышат:
  • Nur Otan;
  • "Ак жол" Казакстан демократиялык партиясы;
  • Казакстан элдик партиясы (мурдагы коммунисттер);
  • "Айыл" элдик-демократиялык партиясы;
  • "Адал" саясий партиясы.
Казакстандын Конституциясы боюнча мажилистин курамы 107 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жаңы мажилис келгенден кийин премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү дайындалат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0