Дүйнөдөгү эң узак жашаган байбиче 118-туулган күнүн белгиледи

© AFP / JIJI PRESSДүйнөдөгү эң узак жашаган япониялык Канэ Танака
Дүйнөдөгү эң узак жашаган япониялык Канэ Танака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Танака 1903-жылдын 2-январында төрөлгөн. 2018-жылдан бери ал "Жер жүзүндөгү эң узак жашаган адам" наамын алып жүрөт.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң узак жашаган япониялык Канэ Танака өзүнүн 118-туулган күнүн белгиледи. Бул тууралуу NHK телеканалынын маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.
Танака 1903-жылдын 2-январында төрөлгөн. 2018-жылдан бери ал "Жер жүзүндөгү эң узак жашаган адам" наамын алып жүрөт.
Камыш менен улгайган адам көчөдө баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң кары адам узак жашоонун сыры менен бөлүштү
Былтыркы жылдын ноябрь айында "Маинити" гезити дүйнөдөгү эң кары адам 2021-жылы Токиодо өтө турчу спорттук иш-чарада Олимпиада отун тапшыруу аземине катыша тургандыгын жазып чыккан.
Ушул жылдын 11-майында Танака арабага отуруп Олимпиада отун кармап 200 метрди басып өтөрү пландалууда.
Эстафетага Танака 2020-жылы эле катышмак, бирок оюн пандемиядан улам кийинки жылга жылдырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0