Кечээ Тажикстанда COVID илдетине чалдыккандар болгон жок

© AP Photo / Darko VojinovicКоргоочу костюм кийген медициналык кызматкер дезинфекциялык каражатты чачыратып жатат
Коргоочу костюм кийген медициналык кызматкер дезинфекциялык каражатты чачыратып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө COVID-19га жалпысынан 13 миңден ашык адам чалдыккан. Ошол эле маалда илдет жуктуруп алгандардын 97 пайызы ооруну жеңип чыккан.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Тажикстанда жаңы жылдын биринчи күнү коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.
Министрликтин маалыматына ылайык, 1-январга карата өлкөдө илдетти илештиргендердин жалпы саны 13 296га жеткен.
Дистанционное обучение в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Казакстан аралыктан окууну мыйзамдаштырды
Ошол эле учурда Тажикстандагы ооруканалардан бир сутка ичинде 43 адам илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгарылган. Жалпысынан коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 12 894кө жетип, ооруну жуктуруп алгандардын 97 пайызын түзөт.
Министрлик өткөн суткада коронавирус адам өмүрүн алган учур катталбаганын да кабарлады.
Эске салсак, Тажикстанда COVID-19 биринчи жолу  30-апрелде табылган. Андан көз жумган алгачкы учур 2-майда катталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0