Казакстан аралыктан окууну мыйзамдаштырды

© Sputnik / Абзал КалиевДистанционное обучение в Казахстане
Дистанционное обучение в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Бакытжан Жумагуловдун айтымында, мыйзамга аралыктан окуу түшүнүгү киргизилип, бул процесс кантип ишке ашышы керектиги тууралуу так жазылды. Бул окуу сапатын жакшыртууга жардам берет.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Казакстан сенатынын депутаттары билим берүү маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, ага аралыктан окуу боюнча номаларды кошту. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Депутат Бакытжан Жумагуловдун айтымында, мыйзамга аралыктан окуу түшүнүгү киргизилип, процесс кантип ишке ашышы керектиги тууралуу так жазылды. Бул окуу сапатын жакшыртууга жардам берет.

"Жаңы мыйзамдын негизинде аралыктан окууга ылайыкталган китептерди чыгаруу, мектептерди каржылоону күчөтүү жана билим сапатын сыноо үчүн текшерүүлөрдү уюштуруу маселелери камтылган", — деди депутат.

Документ кол коюу үчүн президентке жөнөтүлдү.

Эске салсак, Кыргызстанда дагы былтыркы окуу жылынын акыркы айларынан тарта студенттер менен окуучулар (быйыл 1-класстын окуучуларын эске албаганда) аралыктан окуп жатышат. Бирок акыркы мезгилде эпидемиологиялык абалды эске алуу менен айрым аймактарда мектептер четинен ачыла баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0