Кытай: сот 9 жашар кызды дарга асылган атасынын карызын төлөөгө милдеттендирди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКыз кол чатыр менен. Архив
Кыз кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Томолой жетим кыз акча бере албай калганда ага бир катар чектөөлөрдү коюшкан. Бул тууралуу ЖМКлар байма-бай жазып, окуя резонанс жараткан.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кытайда сот тогуз жаштагы Чен Манды өлүм жазасына тартылган атасынын карызын төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Кыздын атасы 2013-жылы аялын жана кайненесин өлтүргөнү үчүн дарга асылган. Кылмышка барардан бир аз мурун ал Хэнань провинциясындагы үйүн 84 миң долларга сатып, алган киши акчаны толугу менен төлөп берген. Кылмыш ишин тергөө башталганда сатылган мүлк камакка алынып, жаңы ээси аны тарттырып жиберген.

Киши түрмөдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда 500 доллар пара алган генерал беш жылга соттолуп кетти
Бир нече жылдан соң батири, акчасы жок калган киши компенсация алуу үчүн сотко кайрылган. Натыйжада сот Манды каза тапкан атасынын карызына жоопкер деп тапкан. Томолой жетим акча бере албай калганда ага бир катар чектөөлөрдү коюшкан. Маселен, учакка отурууга, жогорку ылдамдыктагы поезд менен каттоого тыюу салышкан.

Бул тууралуу ЖМКлар байма-бай жазып, окуя резонанс жараткан. Сот кыздын үй-бүлөсүндөгү кайгыны эске алуу менен чечимин кайра карап чыгууга мажбур болгон. Жыйынтыгында ал кыздын "мураска" калган карызын жокко чыгарып, элден кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0