Казакстандык бодибилдер акыры секс куурчагы менен баш кошту. Сүрөт, видео

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКийим сатылган дүкөндүн терезесиндеги манекен. Архив
Кийим сатылган дүкөндүн терезесиндеги манекен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нур-Султан шаарында жашаган спортчу көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр колун сураган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Казакстандык режиссёр жана бодибилдер Юрий Толочко бир жарым жылдан бери чогуу "жашап" жүргөн Марго аттуу секс куурчагы менен баш кошту. Бул тууралуу ал Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Той ресторанда өткөн. Үйлөнө турчу жигит кадимкидей эле костюм-шым, колукту ак көйнөк кийген. Жаштарды куттуктаганы ондогон киши келгенин байкоого болот. Юрий "кыздын" колуна шакек салып, жайыраак бий аткарышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Белгилей кетсек, Нур-Султан шаарында жашаган бул адам көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр анын колун сураган. Үйлөнүү тоюн бир нече жолу пландап, бирок пандемияга байланыштуу жылдырган болчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Өзүнүн айтымында, биринчиден, ал мындай жол менен өзүн жаңы ролдо сынап көргүсү келген. Экинчиден, коомдун кандай кабыл аларына кызыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0