Өзбекстан кара куурай плантациясын иштетип, ал экспортко жөнөтүлөт

© REUTERS / StringerВыращивание медицинской марихуаны в Уругвае
Выращивание медицинской марихуаны в Уругвае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү сырьену кайра иштетүүчү завод жана лаборатория курулат. Даяр болгон продукция экспортко жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Өзбекстандын Сырдарыя облусунда медициналык максатта кара куурай өстүрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. 

Өлкөнүн Инвестиция жана соода министрлиги Melabis компаниясы менен кабыл алган меморандумга ылайык, биринчи жылы өсүмдүктү 500 гектар жерге тигүү пландалууда. Кийинки үч жылда аянты 3000 гектарга чейин кеңейет.

Уничтожение посевов конопли в КР - Sputnik Кыргызстан
Чек арада жети тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Сүрөт
Маалыматта Борбордук Азиянын климаты кара куурай өстүрүүгө ылайыктуу экени, өсүмдүк пахтага караганда сууну аз иче турганы белгиленген.

Өнөр жай шартында иштетилген кара куурай курамында 0,1-0,2 пайыздан ашпаган тетрагидроканнабинолу бар даяр продуктуга айланат. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун шарттарына толук туура келет жана өсүмдүктү башка максатта колдонууга жол берилбейт. Иштетилген продукция экспортко жөнөтүлмөкчү.

Долбоорго 33 миллион доллар сарптоо пландалып жатат. Жакынкы аралыкта жогорку технологиялык завод жана сырьену кайра иштеткен лаборатория курулат. Анда 100 жумушчу орун түзүлөрү айтылды.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кара куурайды өнөр жай максатында иштетүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0