Кулунду автоунаага отургузуп алып ташыган айдоочу. Астанадагы окуянын видеосу

Жазылуу
Кулун боюнча видео элге тарап кеткен соң полиция айдоочуну издеп тапкан. Ал Астана шаарынын 27 жаштагы тургуну болуп чыкты.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Казакстанда кулунду жеңил автоунаанын арткы орундугуна салып бараткандардын видеосу тарап, элди таң калдырды. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Ал эми видео интернетке жарыяланып кеткен.

Анткен менен ага полиция издөө салган.

Айдоочу видеодо мал-жанды деле өзүнүн автоунаасы менен башкалардыкын деле ташып жеткирип бере ала тургандыгын айтып бара жатат. Ал эми аркасындагы орундук тараптан кулунду экинчи киши кармап отургандыгын көрүүгө болот.

Уй айтап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уйду мотоциклге өңөрүп алган пакистандык элди күлкүгө салды. Видео
Бул видео элге тарап кеткен соң полиция посттун авторун издеп тапкан. Ал Астана шаарынын 27 жаштагы тургуну болуп чыккан. Тартип сакчыларына Акмоло облусунан кулундуу бээ алып, анын баласын сатып жиберүү максатында базарга бара жаткандагы учуру видеого тартылып калгандыгын айтып берген. Бул кадамын чоңураак автокөлүктү жалдабай, акчаны үнөмдөө максатында жасадым деп түшүндүргөн.

Мындан кийин "үнөмчүл адам" жүктү ташуу боюнча атайын каралган автоунаа  эрежесин бузгандыгы үчүн 13 890 теңге (32 доллар) айыпка жыгылган.

Андан сырткары, материалдык жоопкерчиликке тартуу үчүн Ветеринардык көзөмөл боюнча аймактык инспекциянын комитетинин кароосуна жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0