Кытайдын коронавируска каршы вакцинасы сыноонун эки этабынан өттү

© REUTERS / Thomas PeterКиши Sinovac Biotech лабораториясында иштеп жатат. Архив
Киши Sinovac Biotech лабораториясында иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
CoronaVac вакцинасы биринчи жана экинчи этаптагы изилдөөдө 18ден 59 жашка чейинки дени сак 700 адамга колдонулган.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кытайдын Sinovac Biotech биофармацевтикалык компаниясынын коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинасын адамдарга сыноо учурунда коопсуз жана тез арада иммундук жооп түптөй алууга жөндөмдүү экени тастыкталды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Вакцина алган ыктыярчылардын антителосунун деңгээли COVID-19 менен ооруп айыккан адамдардыкынан төмөн болору аныкталган. Бирок изилдөөнүн жыйынтыгында биологиялык препарат адамдын организмин вирустук инфекциядан коргошуна тоскоолдук жаратпай турганы көрсөтүлгөн.

В Белоруссии началась вакцинация добровольцев российским препаратом от коронавируса Спутник V - Sputnik Кыргызстан
ДССУ коронавирустун вакциналарын тарата турган болжолдуу датаны айтты
CoronaVac вакцинасы биринчи жана экинчи этаптагы изилдөөдө 18ден 59 жашка чейинки дени сак 700 адамга колдонулган.

Сыноонун катышуучуларына 14 күндүк аралык менен эки ирет вакцина сайылган. Илимий макаланын авторлорунун бири Чжу Фэнцай анын натыйжасы препараттын эффективдүүлүгүн жана пандемия маалында чукул арада колдонсо болорун ырастаганын билдирген.

Ал эми вакцина алгандан кийин түптөлгөн иммундук жооп канчага чейин созуларын аныктоо дагы кошумча изилдөөнү талап кылары белгиленген.

Талапкер катары катталган вакцина учурда анын клиникалык сыноонун үчүнчү этабына чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0