Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаседания Высшего Евразийского экономического совета в Нур-Султане
Заседания Высшего Евразийского экономического совета в Нур-Султане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос жана стратегиялык өнөктөш деп белгилеген.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана жакын арадагы кызматташуу кадамдары талкууланды.

"Президенттин милдетин аткарып жаткан Жапаров Кыргызстандын Казакстан менен саясий кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгендигине ишендирди. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаевге коронавирус менен күрөшүүдө өлкөгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Соңунда Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0