Казакстан өз аймагына кирип-чыгуу шарттарын катуулатты

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүКазакстандын чек ара кызматкери
Казакстандын чек ара кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми Индия жана Кытайдан келе жаткан кишилер Казакстанды транзиттик өлкө катары колдоно албайт. Ошондой эле май айына чейин 57 өлкөгө визасыз режим токтотулду.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Казакстан коронавирустун кайрадан күч алганына байланыштуу өлкөгө кирип чыгуу шарттарын катаалдатты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Биринчиден, Казакстанда туруктуу жашаган жана казак жаранынын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелген чет элдиктер 90 күндүн ичинде мамлекеттик чек арадан бир гана жолу өтө алат (мурда 30 күндө бир жолу чыгып кайра кирүүгө мүмкүн эле).

Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

Экинчиден, 57 мамлекетке визасыз режим 2021-жылдын 1-майына чейин токтотулду.

Мындан тышкары, Индия жана Кытайдан келе жаткан кишилер Казакстанды эми транзиттик өлкө катары колдоно албайт. Ошондой эле Түркия менен Казакстандын ортосундагы аба каттамдарынын саны кескин кыскартылат.

Акыркы маалыматтарга караганда, коңшу өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 113 миңден ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0