Кытай ЕАЭБ менен соода-сатыкты күчөтүүгө даяр экенин билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР
Заседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай аткаминеринин айтымында, КЭР Евразия регионунун гүлдөгөн келечеги үчүн ЕАЭБдин бардык мамлекеттери менен иштешүүгө макул.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кытай ЕАЭБ менен соода-сатык иштерин мындан дагы кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары Ван Шоувэнь билдирди.

Ал "Евразия экономикалык бирикмеси менен "Бир алкак — бир жол" долбоорунун байланышы" видеофорумунда сүйлөдү. Шоувэндин билдирүүсү форумдун Telegram-каналына жарыяланды. 

"Кытай ЕАЭБ мамлекеттери менен эки тараптуу соода-сатык иштерин жүргүзүүгө кызыкдар. Ошондой эле эки жактуу инвестиция, өндүрүш, курулуш, инфраструктура, кызмат көрсөтүү тармактарында алаканы күчөтүү керек", — деди Шоувэнь.

Сазыков: маркалоонун максаты — ЕАЭБге товарды тоскоолдуксуз экспорттоо

Анын пикиринде, бул нерсе Кытай — Европа алкагынын ролун бекемдейт. Кытай — Европа темир жол долбоорунун институттук механизмин киргизүү жолун талкуулап, бардык тараптардын ыңгайына карап иш баштоо зарыл.

Ошондой эле ал Кытай Евразия регионунун гүлдөгөн келечеги үчүн ЕАЭБдин бардык мамлекеттери менен иштешүүгө каршы эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0