Казакстан мындан ары ПЦР-тести жок эч кимди киргизбейт

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүАлма-Атыдагы карантинге жабылган вокзал. Архив
Алма-Атыдагы карантинге жабылган вокзал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-октябрдан тарта авиакаттам менен келген ар бир адам ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Ансыз жүргүнчү бортко киргизилбейт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Казакстан мындан ары COVID-19 вирусун жуктурбаганын тастыктаган тести жок жарандарды өз аймагына киргизбейт. Бул шарт өздөрүнүн жарандарына дагы тиешелүү экенин Sputnik Казакстан агенттиги Telegram каналына жазды. 

"26-октябрдан тарта авиакаттамдар менен келген ар бир адам ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Ансыз жүргүнчү бортко киргизилбейт. Тесттин жыйынтыгы жок адамды алып келген авиакомпания ири суммадагы айыпка жыгылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Памиров: чек арадан өтөрдө жаш балдардан тест талап кылынбайт

Бул шарттын беш жашка чейинки балдарга тиешеси жок экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0