Казакстан кайрадан авиакаттамдарды токтотууга белсенип жатат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүС 27 марта Росавиация прекращает авиасообщение с другими странами
С 27 марта Росавиация прекращает авиасообщение с другими странами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкө бир жума мурун эле Кыргызстан менен Россияга аба каттамдарын жандантып, самолёттор уча баштаган болчу.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой COVID-19 боюнча кырдаал оорлошуп жатканына байланыштуу чет өлкөлөр менен аба каттамдарды чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Ал өкмөттүн жыйынында 5-октябрдан тарта башка өлкөлөр менен авиакаттамдарды жандантпай жана учурдагы каттамдардын санын көбөйтпөй туруу керектигин айткан. Ошондой эле Түркияга каттаган учактардын санын кыскартууну сунуштаган.

Баалар үч эсе өстү! Кыргызстандан учкандагы билеттин кымбаттыгы туурасында

Андан соң премьер-министр Аскар Мамин министрдин демилгесин ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүүгө тапшырма берди.

Белгилей кетсек, Казакстан өткөн жумада эле Кыргызстан менен Россияга аба каттамдарын жанданткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0