Кыргызстанга 180 миң доллар киргизүүгө аракет кылган жаран чек арадан кармалды

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / File PhotoАКШ долларлык банкноталар. Архив
АКШ долларлык банкноталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандан атайын уруксат кагазы жок 70 миллион сумга чейин (6,8 миң доллардын тегереги) чыгарып кетүүгө болот.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 180 миң доллар акча менен чек арадагы тосмодон ашып өтүп Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган жаранды кармады. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги маалымдады.

Аталган кишиге кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул ишке тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.

Миллиарддап саналат. Бир жылда Кыргызстандан канча акча чыгарылганы айтылды

Өзбекстандын мыйзамдары боюнча, атайын уруксат кагазы жок өлкөдөн 70 миллион сумга чейин (6,8 миң доллардын тегереги) чыгарып кетсе болот. Ал эми 100 миллион сумга (болжол менен 9,7 миң доллар) чейин алып чыгууну каалагандар милдеттүү түрдө декларация толтурушу керек.

Коңшу өлкөдө накталай акчаны аткезчилик жол менен алып чыгып кеткендер үчүн сегиз жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0