Эми Өзбекстан жарандыгын алуу үчүн өзбек тилин билүү керек. Жаңы талап

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүВыборы президента Узбекистана
Выборы президента Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жарандуулук жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү үчүн атайын документти мыйзамчылар кабыл алып, аны Сенат колдогон.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Өзбекстандын жарандыгын алууну каалагандар үчүн бир нече талап коюлган, анын бири — мамлекеттик тилди, тагыраагы, өзбек тилин билүү керек. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Бул "Жарандуулук жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясынын алкагында болмокчу.

15-сентябрдан тарта жарандык ала тургандар төмөнкү талаптарды аткарышы керек:

  • Жашоо үчүн акча табуунун мыйзамдуу булактары болушу шарт;
  • Өзбекстандын Конституциясын бузбашы керек;
  • Өзбек тилин билиши керек.

Өзбек ырчысы кыргызстандыктарга дем берип "Кыргыз жери" ырын аткарды. Видео

"Өзбекстан Республикасынын жарандыгын чет элдик же жарандыгы жоктор атуул болуш үчүн мамлекеттик тилди билип, аны колдонуп башкалар менен сүйлөшө алышы зарыл", — деп айтылган мыйзамдын түзөтүү бөлүгүндө.

Маалыматта анткен менен мыйзамга түзөтүүлөр 15-сентябрдан эртерээк эле киргизилип баштаганы айтылган. Жарандыгы жок туруп республика аймагында жашагандар атуулдук алуу укугуна 1-апрелден тарта ээ болгон.

Эске салсак, Өзбекстан улуттук паспортту 1995-жылдан тартып бере баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0