Көргөндөрдү чочутту. Казакстанда каршы тилкеге чыга калган айдоочунун видеосу

© Sputnik / Максим БлиновЖолдогу катуу айдап бараткан автоунаа. Архив
Жолдогу катуу айдап бараткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караганданын Кайгуул полициясынын кызматкерлери автоунааны 31 жаштагы жигит айдап баратканын аныктаган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Нур-Султан — Караганда жолунда каршы тилкеге чыга калган айдоочу социалдык тармактын колдонуучуларын чочутту. Sputnik Казакстан агенттиги кабарлагандай, эми ал айдоочулук укуктан алты айга ажыратылат. 

Окуянын видеосу Instagram баракчасына жарыяланган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ZHEST_KZ| 21+😱🇰🇿 (@zhest_kz)

Видеону Караганда облусунун полиция департаментинин маалымат кызматы карап чыккан. Кайгуул полициясынын кызматкерлери автоунааны 31 жаштагы жигит айдап баратканын аныктаган. 

"Жол эрежесин бузган айдоочуга Административдик мыйзам бузуу кодексинин 596-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн. Материалдын баары административдик сотко жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жол эрежесин бузган адам алты айга айдоочулук укуктан ажырай турганын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0