Кавасаки синдромун кошуп. Казакстан COVID жуктурган балдарга өзүнчө протокол даярдады

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛечение детей с COVID-19 в ГБУЗ "ДГКБ им. З.А. Башляевой"
Лечение детей с COVID-19 в ГБУЗ ДГКБ им. З.А. Башляевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч протоколдун биринчиси чоңдор үчүн болсо, экинчиси кош бойлуу аялдар үчүн, үчүнчүсү балдарды дарылоодо колдонулат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Казакстанда балдардын коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн атайын клиникалык протокол иштелип чыкты. Бул тууралуу Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун башчысы Риза Боранбаева билдиргенин Sputnik Казакстан маалымдады.

"Балдардагы коронавирусту дарылоо үчүн клиникалык протокол акыркы эки жумада эле иштелип чыкты. Буга чейин Казакстанда чоңдорду, кош бойлууларды жана балдарды дарылоо жана диагностика кылуу үчүн бир эле алгоритм пайдаланылчу", — деди ал.

Боранбаева эми Казакстанда үч протокол боло турганын кошумчалады. Биринчиси чоңдор үчүн болсо, экинчиси кош бойлуу аялдар үчүн, үчүнчүсү балдарды дарылоодо колдонулат.

Узакбаев: балдар арасында Кавасаки синдрому катталган жок. Дарттын чоо-жайы

"Протокол даяр. Ал ушул жумада бекитилиши ыктымал. Азыр коронавирус жуктурган балдарды жалпы протоколдо жазылган ыкма боюнча дарылап жатабыз. Болгону азыр аны кеңейтип, системага салып, Кавасаки синдромун коштук", — деди Боранбаева.

Буга чейин Боранбаева балдар чоңдорго караганда коронавирус менен азыраак ооруй турганын жана ооруканага жатпай эле дарыланарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0