Түштүк Кореяда депутат кыз кыска кийингени үчүн талоондо калды. Сүрөт

© AFP / JUNG YEON-JEКыз Түштүк Кореянын желегин жанында. Архив
Кыз Түштүк Кореянын желегин жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынга карабай жаш депутат парламенттеги салттуу кийинүү эрежесин өзгөртүүнү каалаган аракетин улантарын айткан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын (парламент) жаш депутаты Рю Хочжон отурумга кыска көйнөк кийип келгени үчүн коомчулуктун сынына кабылды. Бул тууралуу Yonhap басылмасы жазды.

28 жаштагы Рю Хочжон айым парламенттеги эң жаш эл өкүлү. Анын парламентке кыска көйнөкчөн келгени мыйзам чыгаруучулар кандай кийиниши керектиги тууралуу талашка жем таштаган.

​Facebook колдонуучулардын бири: "Депутат айым катышуучулардан алкоголдук суусундуктун акысын алуу үчүн келгендерге окшошуп калыптыр", - деп жазган. Көпчүлүк колдонуучулар кыздын кыска көйнөгүн жактырышкан эмес.

Депутатты парламентке алып келген саясий партия окуя боюнча үн катып, атайын билдирүү тараткан. Анда сын аялдарга карата басмырлоо (дискриминация) болуп саналары айтылган.

Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур

Рю Хочжон өзүнүн бул кадамын парламенттеги салттуу кийинүү эрежесин өзгөртүү ниетинде жасаганы менен түшүндүрүп, өзгөчөлөнгөн кийинүү аракетин улантарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0