Шавкат Мирзиёев Ташкентти кеңейткени жатат

© Фото / пресс-служба президента УзбекистанаӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышуу учурунда
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизи эле мамлекет башчы адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Жалпысынан Ташкенттин аймагына дагы 9 381 гектер кошуу пландалууда.

“Шаардын инфраструктурасы кеңейип, элдин саны өсүп бара жатат. Мындан улам Мирзиёев быйылкы жылдын май айында Ташкентте “Янги хаёт” (“Жаңы жашоо”) деп аталган жаңы район курууну сунуштаган”, — деп айтылат кабарда.

Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен сый болууга чакырды

Ошондой эле президент адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0