Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басарынын эмнеге кармалганы айтылды

© Фото / Служба центральных коммуникацийКазакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишев. Архив
Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абишев 2018-жылдын июнь айынан бери саламаттык сактоо министринин орун басары болуп эмгектенип келе жаткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишев Экономикалык иликтөөлөр кызматы тарабынан кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматта аткаминерге бюджеттин акчасын кымырып алган деген айып тагылганы айтылат. Учурда ага карата тергөө иштери жүрүп жатат.

Олжас Абишев 37 жашта, 2018-жылдын июнь айынан бери саламаттык сактоо министринин орун басары болуп эмгектенип келе жаткан.

Өмүрбекова сурактан чыкты. Мурдагы вице-премьер кандай суроолор болгонун айтты

Андан мурдараак Социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун мурдагы жетекчилигине товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жогорулатылган баада сатып алган деп кылмыш иши козголгону белгиленет.

Аталган фонддун директору Айбатыр Жумагуловдун жубайынын төрт жыл мурда социалдык тармакка жазган посту чоң чуу жараткан. Анда жолдошу ага 12-автоунааны белек кылып жатканын айткан.

Кийинчерээк фонддун жетекчилиги учурда анын үй-бүлөсүндө бир эле автоунаа бар экенин айтып, 12 автокөлүк 25 жылдын аралыгында алынганын билдирген.

Бул окуя президент Касым-Жомарт Токаевге чейин жетип, Жумагуловду кызматтан бошотуп, анын ордуна иш билги жана бир аз жупуну адамды дайындоого тапшырма берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0