Алишер Усманов Өзбекстандын медиктерине 10 млн доллар бөлдү

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБелгилүү ишкер жана меценат Алишер Усманов. Архив
Белгилүү ишкер жана меценат Алишер Усманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнесмен берген каражатты мамлекет Тез жардам кызматында эмгектенгендерге бөлүп берет. Кыргыздын акчасы менен дарыгерлер 38 миңден алмакчы.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Белгилүү ишкер жана меценат Алишер Усманов Өзбекстанга 100 миллиард сум (10 миллион доллар) бөлдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.

"Бул акчалар, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча дагы 100 миллиард сум Тез жардам кызматкерлерине берилет", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыздын акчасы менен айтканда, дарыгерлер 38 миң сомго чукул (5 миллион сум), орто медкызматкерлер 31 миң сом (4 миллион) жана айдоочулар 22 миң сомдон (3 миллион сум) алат. Төлөм бир жолку болуп саналат.

Миллиардер Алишер Усманов болжолдуу мураскерлерин атады

Алишер Усманов Өзбекстанда жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу USM Holdings акцияларынын ээси, тагыраагы, "Метоллоинвест" жана "Мегафон" компанияларынын активдерин көзөмөлдөп турат. Бир нече жылдан бери Россия менен дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинен түшө элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0