Казакстанда алгачкы жолу коронавируска каршы вакцина сайылды

© Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер вакцина менен шприцти даярдап жатат. Архив
Медициналык кызматкер вакцина менен шприцти даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык киши Австралияда иштелип чыккан COVAX-19 вакцинасын колдонгон. Бул препарат учурда клиникалык сыноонун биринчи баскычынан өтүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Казакстандын улуттук агрардык университетине караштуу Эл аралык вакцинология борборунун адистери өлкөдө биринчи жолу коронавируска каршы эмдөө жүргүзүштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Австралияда иштелип чыккан COVAX-19 аталышындагы вакцина жогорудагы борбордун жетекчиси Кайсар Табыновго сайылган.

Казакстанда карантин режими дагы эки жумага узартылды

"Жакында эле ден соолугумду тыкыр текшерүүдөн өткөргөндөн кийин COVAX-19 препараты менен эмдөө кылдырдым. Учурда өзүмдү жакшы сезип жатам, терс реакция болгон жок", — деген ал.

Табыновдун айтымында, учурда вакцина клиникалык сыноонун биринчи баскычынан өтүп жатат. Үч айдан кийин тестирлөөнүн экинчи жана үчүнчү этабы болот, ага он мамлекеттен 30 миңден 100 миңге чейин ыктыярчы катышары күтүлүп жатат.

Ошол эле учурда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Эл аралык вакцинология борборунан COVAX-19 препаратын клиникалык изилдөөдөн өткөрүү үчүн эч кандай билдирүү түшпөгөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0