Өзбекстандан ири көлөмдө гепарин дарысы алып келинет

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный форум "Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи"
Международный форум Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында COVID-19ду дарылоодо зарыл болгон гепариндин 50 миң ампуласы келет.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы ооруканаларга гепарин таратылат. Бул тууралуу КРдин Өзбекстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүк кызматкерлери Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында COVID-19ду дарылоодо зарыл болгон гепариндин 50 миң ампуласы алып келинет.

Өкмөт: жакында Кыргызстанга Россиядан гуманитардык жүк келет

"COVID-19 илдетине кабылган бейтаптарды дарылоодо дары-дармек тартыш болгондуктан Өзбекстандан 10 миң баштык гепаринди алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү, алар өлкөдөгү ооруканаларга таратылат", — деп жазылган маалыматта.

Ал дары-дармек коңшу мамлекеттин Наманган шаарындагы заводдон чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0