Калк тейлөө борборунан 20 мүнөттө төрөгөн келин. Алматыдагы окуянын видеосу

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүАял ымыркайын кармап турат. Архив
Аял ымыркайын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 12:30да жетекчинин иш бөлмөсүндө кыз бала жарыкка келген. Анын үй-бүлөдөгү үчүнчү бала экени маалым болду. Калкты тейлөө борборундагылар келинди кол чаап узатышкан.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алматыда кош бойлуу келин калк тейлеген борбордон көз жарды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.

Билдирмеге караганда, келин аталган жайга таанышынын батирине каттоого туруу үчүн келген. Бирок 10 мүнөттөн кийин толгоосу башталган.

Окуя тууралуу "Жарандар үчүн өкмөт" корпорациясынын башкаруучу директору Мурат Жуманбай айтып берген.

"Келин саат 12:00гө талон алган. Бирок 10 мүнөттөн кийин эле анын толгоосу башталды. Аны калкты тейлөө борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Калмырза Сейтбеков көрүп калып, дароо иш бөлмөсүнө алып кирип, кушеткага жаткырган. Андан соң тез жардам чакыртышкан", — деди жетекчи.

Бирок медицина кызматкерлери келгенде аны төрөт үйүнө алып барууга жетишпей каларын түшүнүшкөн. Мындан улам медиктер келинди ошол жерден төрөтүшкөн.

Жолдон төрөтүп, аман алып калган абысыныма ыраазымын. Ак жарык

Саат 12:30да жетекчинин иш бөлмөсүндө кыз бала жарыкка келген. Анын үй-бүлөдөгү үчүнчү бала экени маалым болду. Ал эми 20 мүнөттүн ичинде көз жарып медиктердин коштоосунда чыккан келинди эл кол чаап узаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0