Өзбекстанда төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздер 9 күн жашап чарчап калышты

© AFP / FREDERICK FLORINОоруканада бөбөк. Архив
Ооруканада бөбөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык дүйнөгө келген перзенттер жакшы дем ала албай, жүрөгү начар иштегендиктен көп профилдүү медициналык борбордо ак халатчандардын көзөмөлүндө болчу.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өзбекстанда июнь айынын соңунда төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздер чарчап калышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына ылайык, өзгөчө эгиздер 27-июнда жарык дүйнөгө келип, салмагы 4,6 килограмм, бою 48 сантиметр эле.

Самаркандда сейрек кездешкен сиам эгиздери жарыкка келди. Видео

Изилдөөдөн кийин анын эки өтү бар экени, калган органдарды кадимки адамдыкындай эле жетилгени анык болгон. Жарык дүйнөгө келген перзенттер жакшы дем ала албай, жүрөгү начар иштегендиктен көп профилдүү медициналык борбордо ак халатчандардын көзөмөлүндө эле.

Жергиликтүү басылмалардын бири сиам эгиздин энеси ымыркайлардын кемтиги бар экенин үч айлык боюнда бар кезинде эле билгенин жазып чыгышты. Ага карабай ал төрөөнү чечкен.

Дарыгерлердин пикиринде, сиам эгиздеринин пайда болушуна гендик мутациялар себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0