Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. Элбашынын сейилдеги сүрөтү

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-июнда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус табылган. Ал быйыл 80 жашка чыгат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавирустан сакайды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Айдос Укибай билдирди.

"Элбашынын коронавируска тапшырган тести вирус жок деген жыйынтык чыгарды. Дарыгерлердин айтуусу менен учурда обочолонуу режимин сактап, аралыктан иштөө менен таза абага сейилдөөгө да көңүл буруп жатат", — деди Укибай.

Эске салсак, буга чейин 18-июнда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат айтылган.

Эскерте кетсек, Нурсултан Назарбаев 2020-жылдын 6-июлунда 80ге чыгат.

Жээнбековдун кайра тапшырган анализинин жыйынтыгы чыкты

Жаңылыктар түрмөгү
0