Казакстанда Тез жардамга көмөктөшө турган Corona-taxi ачуу пландалууда

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАвтоунаада бараткан дарыгер. Архив
Автоунаада бараткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө атайын багыттагы такси кызматын ачуу идеясын Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштаган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Corona-такси кызматын ачууну пландап жатат. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө жетишпей жаткан тез жардам автоунааларынын жана атайын машиналардын ишин жеңилдетүү үчүн ушундай чечим кабыл алынмакчы. Учурда бул идеяны ведомстволор аралык комиссия карап жатат.

Эгер колдоо тапса бул кызматка таксопарктар жана медициналык эмес уюмдардын автоунаалары тартылат. Алар бейтаптардан кабар алууга барган мобилдик бригаданы ташыйт.

"Апам уктап калды, эртең келгиле": мобилдик бригаданы тушаган бишкектик кыйындар

Министр Алексей Цой медиктер коронавирустан тест алуу, дары жазып жана кеңеш берүү үчүн гана чакыруу түшкөн дарекке бара турганын билдирген. Андан кийинки дарылоо процесстери онлайн түрүндө болорун айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0