Токаев катуу тартиптеги карантин киргизүү чараларын иштеп чыгууну тапшырды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАлма-Ата шаарындагы полиция кызматкер. Архив
Алма-Ата шаарындагы полиция кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын башчысы мындай катуу чаралар ушул жылдын март жана май айларында киргизилгенин белгилеп, учурда ал кайрадан актуалдуу болуп турганын билдирди.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки күндүн ичинде өлкөгө катуу тартиптеги карантин киргизүү боюнча сунуш берүүнү тапшырды. Бул туурасында Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан аракеттер боюнча жыйын курган.

"Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн мамлекеттик комиссияга эки күндүн ичинде катуу тартиптеги карантин киргизүү боюнча сунуш иштеп чыгуусун тапшырам. Мындай чаралар ушул жылдын март жана май айларында киргизилген", — деген Токаев.

COVID-19га чалдыккан саламаттык сактоо министрин Токаев кызматтан алды

Ал ошондой эле пандемиянын социалдык жана экономикалык кесепеттерин жоюу талабын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0