10:34 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Азия
Кыскача шилтеме алуу
145 0 0

Окумуштуу илимий жаңы ачылыш адамдарга өзүнүн оорусун алдын ала билип, жашоо образын өзгөртүүгө жардам берерин айткан.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Япониялык окумуштуулардын тобу 20 оорунун андан ары өрчүп кетүү ыктымалдыгын так аныктап бере турчу ыкманы иштеп чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анда акыркы үч жылдагы жашоо эске алынып, тизменин башына диабет же деменция (акыл-эстин начарлашы) илдеттери чыккан.

Киодо агенттиги Киото жана Хиросаки университеттеринин окумуштуулары жасалма интеллектинин жардамы менен адамды 20 категория боюнча иликтеп чыга турган медициналык көрсөткүчтөрдүн анализдеринин системасын түзүп чыгышкан.

Бул ыкмада кишинин абалы, генетикасы кандай болгону жана иликтеп жаткан адамдын кандай терс адаттары бар экендиги да эске алынат.

Системанын диабет же деменциядан сырткары артериосклероз, гипертония, бөйрөктүн өнөкөт оорулары, толуп кетүү, остеопороз жана жүрөк ооруларынын андан ары кандай өнүгө тургандыгын айтып бере алары маалымдалган.

Кант диабетинин алгачкы белгиси айтылды

Окумуштуулар мындай маанилүү ачылышты 20 миң адамдын иликтенген маалыматтарына таянып жасап чыгышкан. Хиросаки университети Япониянын түндүк тарабындагы Аомори префектурасында 2005-жылдан бери өз каалоосу менен келгендерге медициналык жактан күбөлөндүрүү иштерин жасап келет.

"Биз адамда үч жыл ичинде кайсы ооруларынын өнүгүү ыктымалдыгы бар экендигин алдын ала так айтып бере алганга жеттик", — деген профессор Ясуси Окуно.

Окумуштуу мындай ыкма адамдардын оорусун алдын ала билип, тиешелүү чараларды көрүп жана жашоо образын өзгөртүүгө жардам берерин айткан.

Тема боюнча

Жакыным көз алдымда үзүлүп, колумдан эч нерсе келбей калган. Дарыгердин баяны
Муратов: жылдан-жылга кант диабетине чалдыккан балдар көбөйүүдө
Белгилер:
иликтөө, диабет, Окумуштуулар, оору, Япония

ЭҢ МААНИЛҮҮ