Өзбекстан COVID-19 жуктуруп алган туристтерге 3000 доллардан төлөйт

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГУМ возобновил работу
ГУМ возобновил работу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек бийлиги туризмди үч этапта калыбына келтирүү планын койду. Алгач туроператорлор менен мейманканалардын иши жанданса, кийинки баскычта жакынкы жана алыскы мамлекеттердеги туристтерди кабыл алмакчы.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өзбекстан өлкө ичинде жүрүп коронавирус жуктуруп алган чет өлкөлүк туристтерге компенсация катары үч миң доллардан төлөп берет. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.

Буга чейин президент "Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук режиминин талаптарын сактоо менен туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомго кол койгону айтылат.

Ошондой эле документте туристтер үчүн Uzbekistan. Safe travel guaranteed ("Өзбекстан. Коопсуз саякат кепилденген") санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук системасын түзүү да камтылган.

"Ал документке ылайык, чет элдик турист коронавирус инфекциясын жуктуруп алса 3000 доллар компенсация алат. Мындай практика дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кеңири колдонулат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өзбек бийлиги туризмди үч этапта калыбына келтирүү планын койгон.

Биринчиси — туроператорлордун жана мейманканалардын ишмердүүлүгүн жандантуу, экинчиси — коңшу жана КМШ өлкөлөрү менен аймактык туризмди калыбына келтирүү. Үчүнчү этапта пандемия кырдаалын эске алуу менен акырындап алыскы чет өлкөдөгү туристтерди өлкөгө киргизүү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0