Алматы: таттуу чыгарган "Рахат" фабрикасында 500 киши COVID жуктуруп алган

© Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүФабриканын ишкерлери. Архив
Фабриканын ишкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-майдан 4-июнга чейин "Рахат" кондитердик фабрикасында 10 кишиден коранавирус чыгып, 467 кишинин ооруну алып жүргөнү аныкталган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Алматы шаарынын санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин "Рахат" кондитердик фабрикасындагы абал боюнча маалымат берип, алгач 10 кишиден коронавирус чыкканын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

"Алгач, фабриканын бир кызматкеринен кезектеги текшерүү учурунда коронавирус табышкан. Андан кийин стационардык тепловизор менен текшерип жаткан учурда сегиз кишинин эти ысып турганы билинген. Тез жардам чакырып, алар ишке киргизилген эмес", — деди ал.

Дарыгер кийин ал сегиз кишиден да COVID-19 чыкканын кошумчалады.

Дезинфекция жүргүзүп жаткан жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда карантин 1-августка чейин улантылып, аймактар түстөргө бөлүндү
Бул окуядан кийин медиктер ишканада иштеген 1,5 миң кызматкерди текшерүүгө алган. Алардын ичинен симптому билинбегени менен инфекция дагы 467 кишиден чыккан. Алар бүгүнкү күндө үй карантинге жиберилип, бейтапкана дарыгерлеринин көзөмөлүндө турганы айтылды.

"Фабрикадагы калган миңге чукул киши шаарга жакын айылдардан болгондуктан, алар облуста көзөмөлгө алынган. Ал эми шаардык жумушчулар калаадагы алгачкы медициналык жардам көрсөткөн оорукананын кароосунда болууда", —  деген Бекшин.

13-июнда "Рахат" кызматкерлеринен коронавирус чыккандыгына байланыштуу ишин токтоткон. Алгач ишкананы жабууну 15-июнга чейин деп белгилеп, бирок 23-июлга чейин узартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0