Жакшы эле сактангам. Казакстандын саламаттык сактоо министри COVID-19 жуктуруп алды

© Sputnik / Абзал КалиевКазакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов
Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр COVID-19 илдетинин оорураак түрүн жугузуп алгандыктан, ал ооруканага жатып дарыланууга аргасыз болгонун билдирди. Жалпысынан коңшу өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 14 миңден ашты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов өзүнүн коронавирус жуктуруп алганын кабарлады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Достор, акыркы ирет тапшырган анализде коронавирус жуктуруп алганым аныкталды. Тилекке каршы, бул белгиси көп билинбей турган формасы эмес экен. Андыктан жугуштуу оорулар госпиталында жатууга мажбур болдум", — деди Биртанов.

Ошондой эле санитардык эрежелерди канчалык карманганына карабай вирусту жуктуруп алганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, коңшу өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 14 миңден ашты. Алардын ичинен 73ү каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0