Өзбекстан коронавирусту дарылоодо өзүнөн чыккан дарыны колдоно баштайт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПроизводство препарата для лечения COVID-19 "Фавипиравир"
Производство препарата для лечения COVID-19 Фавипиравир  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сасык тумоого каршы "Рутан" дарысы Өзбекстандын Илимдер академиясынын Биоорганикалык химия институту тарабынан чыгарылат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Өзбекстанда сасык тумоого каршы чыккан "Рутан" препараты эми аталган мамлекетте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоого да колдонулат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инновациялык өнүктүрүү министрлигинин сайтында жазылган.

Өзбекстанда коронавирус биринчи ирет 15-мартта аныкталган. Азыркы тапта вирус жуктургандардын саны 4,5 миңден ашып, анын 3 миңден көбү айыкты.

"Сасык тумоого каршы "Рутан" дарысын Өзбекстандын Илимдер академиясынын Биоорганикалык химия институту иштеп чыккан. Ал кытай илимпоздорунун тестирлөөсүнөн өтүп, жыйынтыгында аны коронавирусту дарылоодо колдонууга болору аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеге ылайык, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине 19,5 миң таңгак "Рутан" дарысы берилген. 11 миң таңгак Иран мамлекетине жөнөтүлгөн. Булардын баары лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөнү айтылды. Препаратты өндүрүү иштери Ташкенттеги өзбек-кытай медициналык технопаркында жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0