Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен сый болууга чакырды

Жазылуу
31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын жашоочулары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге залакасын тийгизбеши керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна жасаган иш сапарында айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен достук мамилени сактоого чакырган.

"Акыркы жылдары коңшу мамлекеттер менен көйгөй жараткан чек ара маселелерин чечип келе жатабыз. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге, жалпы планга залакасын тийгизбеши керек. Биз токтоо, чыдамкай жана боорукер болгонубуз жакшы. Кошуна — миң жылдык. Эки эл жакын жашап, бири-бирин сыйлап турушу зарыл", — деди президент.

Имараттын котлованнын иштетүүнүн башталышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аэропорт, ЖОЖ курат. Өзбекстан чек арадагы Сох районун гүлдөтүүгө киришти
Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын жашоочулары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 кишинин жабыркаганы айтылган.

Кийинчерээк Кыргызстандын биринчи вице-премьери Кубатбек Боронов Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуп, чек арага жакын аймактагы элдин жаңжалын талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0