Ухандан чыккан эмес. Кытай окумуштуулары коронавирустун очогун иликтөөдө

© REUTERS / Aly SongСитуация в Китае из-за коронавируса
Ситуация в Китае из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар Ухандагы базарда сатылган жаныбарлардын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүп, алардан коронавируска анализ алышкан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кытайдын ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө улуттук борборунун окумуштуулары коронавирустун жаңы түрү Ухань шаарындагы базардан чыккан деген маалыматты төгүндөштү. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail агенттигине таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окумуштуулар Ухандагы базарда сатылган жаныбарлардын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында алардын коронавируска алынган анализдери таза чыккан. Бул вирус базарда сатылган жаныбарлардан тарады деген маалыматты четке кагарын тастыктайт.

"Көрсө, базар деле оорунун курмандыктарынын бири болгон экен", — деген борбордун жетекчиси Гао Фу.

Ошол эле убакта вирус жарганаттарда пайда болуп, андан кийин адамга башка жаныбар аркылуу жукканы аныкталды. Бирок оорунун очогу дале белгисиз.

Колин Карлсон атындагы Жорджтаун университетинин зоологунун божомолунда, инфекция Ухандагы базардан кеңири жайылып кетиши мүмкүн. Анда бир адам вирусту көп кишиге жуктуруп алган.

Коронавирус тууралуу

Полиция медициналык кызматкерди куттуктап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай коронавирус кайдан чыкканын териштирүүгө даяр. Бирок бир шарт менен
2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0