Алматы: блокпостту сүзгөн айдоочу полициянын мурдагы кызматкери болуп чыкты

© Sputnik / Анатолий УстиненкоКазакстандын жол кызматынын полиция кызматкерлери. Архив
Казакстандын жол кызматынын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Блокпостту сүзгөн айдоочу алты жыл полицияда иштеп, начар кызмат өтөгөндүктөн, жумушунан кол жууганы маалым болду.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында жүрөк үшүн алган жол кырсыгына себепчи болгон айдоочу мурдагы полиция кызматкери экени аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналы маалымдады.

Эске салсак, кечээ, 25-майда, 26 жаштагы айдоочу (буга чейин 28 жаш деп айтылган) блокпостту сүзүп, анын кесепетинен эки полиция кызматкери көз жуумп, үчүнчүсү оор абалда ооруканага түшкөн. Полициянын айтымында, ал мас болгон.

"Блокпостту сүзгөн мас айдоочу алты жыл полицияда иштеп, начар кызмат өтөгөндүктөн, жумушунан кол жууган. Ага төрт жолу дисциплинардык чара көрүлгөн. Кылмышка шектүү 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат же өмүр бою абакка кесилет",— деп айтылат маалыматта.

Алматыда эмерек цехинде жарылуу болду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Алматыда эмерек цехинде жарылуу болду. Видео
Каза болгон автоинспектордун бири, 42 жаштагы Жарас Жангазиевдин артында эки кызы калды. Ал ички иштер органдарында 20 жылдай кызмат өтөгөн.

Кырсыктын курмандыгы болгон экинчи жаран, полициянын сержанты Дастан Абдыканов 26 гана жашта  болгон. Төрт жыл ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Анын үй-бүлөлүү экени, бир ай мурда эле кыздуу болгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0