Акырындап жай турмушка кайтып... Карантинде коңшулар кантти?

© REUTERS / MUKHAMMADSHARIF MAMATKULOVӨзбекстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери айдоочулардын документтерин текшерүү пунктунан текшерип жатышат. Архив
Өзбекстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери айдоочулардын документтерин текшерүү пунктунан текшерип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда коомдук транспорт, бала бакчалар иштеп баштаган. Тажикстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны тез өсүп жатканы менен 10 жашка чейинки бир да бөбөктөн вирус аныкталган эмес.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги коңшу мамлекеттер коронавирус менен кантип күрөшүп жатканына абай салып, карантин качан бүтөрүнө кызыкты.

Казакстан

Казакстанда коронавирус жуктургундардын саны 7000ге чукулдады. Илдеттен анын жарымы, тагыраагы, 3598и айыгып, вирус 35 адамдын өмүрүн алган.

Коңшуларда эки айга созулган өзгөчө абал режими 11-майда аяктаган. Бийлик карантин чараларын акырындык менен жумшартууда. Анткен менен элге сак болуусун эскертип жатканын Sputnik Казакстан жазды.

Казакстанда коомдук транспорт, бала бакчалар иштей баштаган. Бүгүндөн тарта түндүк бөлүгүндө соода, фитнес-борборлор, мончо, сауналардын иштөөсүнө уруксат берилген.

Өзбекстан

Бет кап сатып жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк пандемия 60 миллиондой адамды жакырлантарын божомолдоду
Өзбекстан коронавирус менен эффективдүү күрөшүп жатканын статистикадан байкаса болот. 2855 адамдан COVID-19 табылса, анын 2338и айыкты. Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп дарыланып жаткан 13 бейтап көз жумган.

Кошуна өлкө чет жактагы жарандарын мекенге алып келүүсүн улантып жатканын Sputnik Өзбекстан жазды.

Маалыматка ылайык, бийлик сырттан 12 миңге чукул мекендешин өлкөгө кайтарууну пландап жатат. Билим берүү тармагында мектеп окуучулары жыйынтыктоочу экзамендерден бошотулуп, бүтүрүүчүлөр аттестаттарын электрондук түрдө алмай болушту.

Тажикстан

Тажикстанда COVID-19 аныкталгандардын саны 2000ге жакындады. Бул өлкөдө коронавирус 41 бейтаптын өмүрүн алган.

Sputnik Тажикстан билдиргендей, коңшу мамлекетте пневмония менен жүрөк оорусунан каза болгондордун саны арбын болуп жатканын жазды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 10 жашка чейин бир да бөбөктөн коронавирус табылган эмес.

Кытай

Күндө отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандай адамдар коронавируска тез кабылбайт? Окумуштуулардын пикири
Кытайда бир суткада коронавирус саналуу гана адамдардан аныкталууда. 1708 адам коронавирусту сырттан алып келген. Анын ичинен 1662си айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан алганда, өлкө боюнча коронавирус жуктурган 82 965 учур катталган. Анын басымдуу бөлүгү (78 244) айыгып, 4634ү каза болгон. Ооруканада сырттан келгендерди кошкондо 87 адам дарыланууда.

Кыргызстан

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0