Өзбекстанда карантин режими 1-июнга чейин узартылды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүДезинфекция жүргүзүп жаткан муниципалдык кызматкер. Архив
Дезинфекция жүргүзүп жаткан муниципалдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режим июнга чейин жылдырылганы менен чектөө чараларынын бир тобу алынды. Коңшу өлкөдө коронавирус жуктургандардын дээрлик көбү айыкты.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Өзбекстанда карантин режими 1-июнга чейин узартылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, режим июнга чейин жылдырылганы менен чектөө чараларынын бир тобу алынды.

Өзбекстан коронавирус кайсы жерде көп, каякта аз экенин аныктап алуу үчүн аймактар атайын түстөр менен белгиленген. Алсак, кызыл түс менен көрсөтүлгөн аймак кооптуу болуп эсептелсе, сары өң орто, жашыл түс коопсуз болуп саналат.

ӨА режими аяктагандан кийин Бишкекте жашоо кандай өзгөрдү? Видео - Sputnik Кыргызстан
ӨА режими аяктагандан кийин Бишкекте жашоо кандай өзгөрдү? Видео
Булардын ичинен кызыл өң менен белгиленген аймактарга 15-майдан тарта бухгалтердик кызматтарды көрсөтүү, автоунаа оңдоочу жайлар, электрондук жана мобилдик жабдууларды ремонт кылгандар, ижара жана лизинг кызматын көрсөткөндөрдүн ишмердүүлүгүнө уруксат берилген.

Ал эми сары түскө кирген аймактарга жогоруда аталган кызматтардан тышкары жарнама, маркетинг ишмердүүлүгүнө, жеке ашканасында тамак жасап жеткирүү кызматтарына, парктарга (экиден ашпай сейилдөөгө) уруксат.

Жашыл зонадагы аймактарда 15-майдан тарта үстү жабык, бардык шарты бар спорт стадиондору, компьютердик, полиграфиялык кызматтар, музейлер (келген коноктордун саны чектелүү болушу керек), ветеринардык кызмат көрсөткөн мекемелер иштей баштады.

Өзбекстанда 2645 адамдан коронавирус табылса, анын 2136сы айыкты. Илдет илештирген 11 бейтап көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0