00:46 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Азия
Кыскача шилтеме алуу
92 0 0

11-майда Олий Мажилис сенатында парламенттин жогорку палатасынын пленардык жыйыны болгон. Анда Өзбекстандын ЕАЭБге байкоочу өлкө катары катышуу сунушу жактырылган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдикке байкоочу өлкө катары катышып жатканы республикада жүрүп жаткан реформага терс таасирин тийгизбейт. Мындай оюн Өзбекстандын вице-премьери, экономикалык өнүктүрүү жана жакырчылыкты кыскартуу министри Жамшид Кучкаров билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды. 

Жакында эле Олий Мажилис сенатында парламенттин жогорку палатасынын пленардык жыйыны болгон. Анда Өзбекстандын ЕАЭБге байкоочу өлкө катары катышуу сунушу жактырылган.

"Бул Өзбекстанда жүрүп жаткан реформага терс таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетейин. Эң биринчи кезекте өлкө ЕАЭБге байкоочу катары кириши керек. Бул деген Өзбекстан биримдикте чечим чыгаруу процессинен башка жумушчу органдарынын бардык ишмердүүлүгүнө катыша алат дегенди түшүндүрөт. Мындай кадам мамлекетте атаандаштыкты күчөтөт. Кааласак-каалабасак да биз бул рынокто өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек. Ал үчүн экономика тармагында атаандаштык жөндөмдүүлүгүн күчөтүшүбүз зарыл", — деген Кучкаров.

Вице-премьер кандай реформа болбосун анын негизин макроэкономикалык туруктуулук түзөрүн айтып, ЕАЭБге бардык мүчө өлкөлөр бюджеттин дефицитин үч пайыздан ашырбоо боюнча сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Кучкаров ЕАЭБге байкоочу өлкө катары катышуу экономиканы талкалабай турганын, тескерисинче, аны өнүктүрүп, Өзбекстанда жүрүп жаткан реформага түрткү болорун баса белгилеген.

Аткаминер сенаторлорду байкоочу өлкө статусу Өзбекстандын экономикалык реформа жасоосуна эч кедергисин тийгизбей турганына ишендирип кетти. Ал президент Шавкат Мирзиёев мамлекет өзүнүн экономикалык саясатын эркин жүргүзө аларын бир нече жолу айтканын да эскерткен.

Тема боюнча

COVID-19: ЕАЭБ өлкөлөрү вирус менен бирге күрөшүү боюнча долбоор дайындады
Бактыгулов: ЕАЭБ ичинде жеңилдиктерди киргизүү каралууда
Белгилер:
сенат, статус, байкоочу, Евразиялык экономикалык биримдик, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ