Дарыгерлер кармашып жатып сактап калды. Бөйрөк салдырган аял көз жарды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМосковский областной НИИ акушерства и гинекологии
Московский областной НИИ акушерства и гинекологии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицинада кооптуулук жогору деп тыюу салынганы менен казакстандык аял тобокелге барып, донор берген бөйрөгү менен кыздуу болду.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Нур-Султан шаарында медиктердин айтканына көнбөй бөйрөк салдырган аял төрөдү. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды. 

Келинге 4 жыл мурда атасы бөйрөгүн берген. Дарыгерлердин эскертүүсүнө карабай, аял төрөөгө белсенген.

Январь айында аталган шаардагы көп тармактуу №2 ооруканага түшүп калган. Анын кош бойлуу учурунда дарыгерлер эки өмүр үчүн күрөштү деп билдирди Нур-Султандын саламаттык сактоо башкармалыгынан.

Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
Апрелде кайра катуу ооруп, ымыркай мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн. Кичинекей кызды реанимация бөлүмүнө, ал эми энесин ыкчам жардам көрсөткөн реанимация бөлүмүнө жаткырышкан. Аялга салынган бөйрөктүн иштебей калышы мүмкүн деген өмүр менен өлүмдүн ортосундагы кооптуулук жаралган.

Абалы кескин начарлап кеткендиктен, Кыйын абалдагылардын акушердик борборуна которушуп, дарыгерлер эненин өмүрүн сактап калуу үчүн бир ай күрөшкөн. Ак халатчандар келиндин абалын күнү-түнү көзөмөлгө алып, дыкаттыкты талап кылган бир нече дарылоолорду жүргүзгөн. Жыйынтыгында аялдын көчүрүлгөн бөйрөгүн сактап калышкан.

Аталган борбордун жетекчиси Агзам Жумадилов бул бөйрөк көчүрүлүп, андан кийин пациенттин балалуу болгон Казакстандагы үчүнчү учуру экендигин айткан.

Бүгүн эне-баланын абалы жакшы болгондуктан үйүнө чыгарылгандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0