Тажикстанда белгилүү саясатчы, жазуучулар коронавирус жуктуруп алды

© AFP / SAJJAD HUSSAINЛаборатория кызматкери коронавируска анализ кармап турат. Архив
Лаборатория кызматкери коронавируска анализ кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучу Мухиддин Ходжазод өзү сакайып кетсе, жубайы, тилекке каршы, оорунун кесепетинен каза болуп калган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Тажикстанда эл көзүнө көрүнгөн атактуу адамдар коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги кабарлады.

Кечээ Тажикстандын Социал-демократтар партиясынын төрагасы Рахматилло Зойиров Facebook баракчасына COVID-19га кабылганы туурасында жазган.

"Сегиз күндөн бери коронавирус менен ооруп жатам. Мага ден соолук каалап коюңуздар. Достор, үйүмө келбей турууңуздарды суранам!", — деп жазган саясатчы.

Ошондой эле өлкөнүн белгилүү музыкант жана композитору Фарход Зикирге да оору жукканы белгилүү болду.

Дарыкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан: эл паникага алдырып, дарыканаларда эч нерсе калган жок
Дагы бир адабиятчы Абдукодир Рустам инфекция менен сегиз күн күрөшүп жеңип чыккан.

Ал эми Тажикстандын эл жазуучусу Мухиддин Ходжазод жубайы экөө тең коронавируска чалдыкканы аныкталып, ооруканага түшкөн. Жазуучу өзү айыгып, тилекке каршы, жубайы оорунун кесепетинен каза болуп калган.

Белгилей кетсек, тажик бийлиги алгачкы учур катталганын 30-апрелде расмий түрдө жарыялаган. Соңку маалымат боюнча, өлкөдө 230 адамдан коронавирус аныкталып, экөө каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0