Токаев өзүнүн жардамчысын Дарига Назарбаеванын ордуна спикер кылып дайындады

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маулен Ашимбаев 2018-2019-жылдары Nur Otan партиясынын төрагасынын биринчи орун басары болгон. Былтыркы жылдын 30- июлунан тарта президенттин жардамчысы болуп иштеп жүргөн.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жогорку палатасына төрага кылып Маулен Ашимбаевди дайындады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

© Sputnik / Абзал КалиевПарламенттин жогорку палатасына төрагасы Маулен Ашимбаев
Токаев өзүнүн жардамчысын Дарига Назарбаеванын ордуна спикер кылып дайындады - Sputnik Кыргызстан
Парламенттин жогорку палатасына төрагасы Маулен Ашимбаев

Мурда бул кызматты ээлеген Дарига Назарбаеваны депутаттык укуктан күн мурун ажыратуу боюнча жарлыкка Токаев 2-май күнү кол койгон. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы 2019-жылдын 20-мартынан бери парламенттин сенатынын спикери болуп келген.

"Маулен Ашимбаев 1971-жылы Алматы шаарында туулган. 1993-жылы Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин аяктаган. АКШда Жон Хопкинс атындагы окуу жайынан тажрыйба алган. Ошол эле мамлекеттеги Тафтс университетинде укук жана дипломатия боюнча билимин тереңдеткен", — деп айтылат кабарда.

Спикер парламента Казахстана Дарига Назарбаева - Sputnik Кыргызстан
Дарига Назарбаева депутаттык ыйгарым укуктан ажыратылды
Ашимбаев Казакстандын президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунда директор болгон. Ошондой эле Казакстандын биринчи президенти фондунун алдындагы Дүйнөлүк экономика жана саясат институтун башкарган.

Андан соң Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (2005-2006), Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары (2006-2011) болуп эмгектенген.

2018-2019-жылдары Nur Otan партиясынын төрагасынын биринчи орун басары болгон. Былтыркы жылдын 30-июлунан тарта президент Касым-Жомарт Токаевдин жардамчысы болуп иштеп жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0