Токаев Дарига Назарбаевага арнап твит жазды

© Фото / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүК.-Ж. Токаев выдвинут кандидатом в президенты Казахстана
К.-Ж. Токаев выдвинут кандидатом в президенты Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ишемби күнү, 2-майда, Дарига Назарбаеваны депутаттык укуктан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Дарига Назарбаевага парламенттеги жумушу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады. 

"Назарбаева Дарига Нурсултановнага Казакстандын парламентинин сенатына жетекчилик кылган үзүрлүү жана активдүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем", — деп жазган Токаев Twitter баракчасына.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-майда Дарига Назарбаеваны депутаттык укуктан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койгон

Дарига Назарбаева — Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы. Ал 2019-жылдын 20-мартында парламенттин сенатынын спикери болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0