Дарига Назарбаева депутаттык ыйгарым укуктан ажыратылды

© Sputnik / Владислав ВодневСпикер парламента Казахстана Дарига Назарбаева
Спикер парламента Казахстана Дарига Назарбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарига Назарбаева өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы. Ал 57 жашта.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Дарига Назарбаеваны депутаттык укуктан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Акорданын сайтында айтылат

Дарига Назарбаева — Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы. Ал 2019-жылдын 20-мартында парламенттин сенатынын спикери болуп дайындалган. 2016-жылдын 13-сентябрынан бери парламенттин жогорку палатасынын депутаты болуп келген.

Ага чейин Дарига Назарбаева 2015-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын сентябрына чейин Казакстандын премьер-министринин орун басары болуп эмгектенген.

2012-2015-жылдары Мажилистин депутаты, парламенттин төмөнкү палатасынын вице-спикери болуп да иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0