Казакстан Оренбургдагы мекендештерди өткөрүүгө уруксат берип, бир шарт койду

Жазылуу
Казакстандын акимдери жана Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өткөрүүгө каршы чыкканына карабай, өкмөт кыргыз тараптын өтүнүчүн колдоп берди.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы чек арада кармалып турган кыргызстандыктарды өткөрүүгө Казакстан уруксат берди. Бул туурасында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 29-апрель күнү, кечинде казак тараптан ТИМге жарандарды өткөрүүгө уруксат берген нота келип түшкөн.

"Гуманитардык акция катары биздин жарандарга гана өтүүгө уруксат берип жатышат. Ал эми автоунааларын Россияга калтырсын деген шарт коюшууда. Маселе жалпысынан чечилди, бир-эки күндүн аралыгында жөнгө салынат. Эки тараптуу иштерди активдүү жасадык. Казак тарапка терең ыраазычылык билдиребиз. Азыр транспорт уюштуруп, 30-апрелге чейин ошол жерде тургандардын тизмесин түзүп, алып кетүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Айдарбеков.

Центр содействия мигрантам в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Россия мекенине кете албай калган мигранттардын шартын жеңилдеткени жатат
Ошондой эле ал Казакстандын ар бир аймагынын акимдери жана Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өткөрүүгө каршы чыгып жатканын белгиледи. Бирок ага карабай, өкмөттүн башка мүчөлөрү кыргыз тараптын өтүнүчүн колдоп бергенин айтты.

Соңунда министр Казакстанда коронавирус боюнча кырдаал өтө оор болуп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Россиядан автоунаа менен жолго чыгып, Казакстанга кире албай калган 100дөн ашуун кыргызстандык бир айдан ашык убакыттан бери чек арада турат.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 746га жетип, анын жарымынан көбү, 462си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0