Өзбекстандын ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары кирүүсүн депутаттар колдоп берди

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүНур-Султан шаарындагы ЕАЭБдин жогорку кеңештин жыйыны өтүп жаткан убакытта. Архив
Нур-Султан шаарындагы ЕАЭБдин жогорку кеңештин жыйыны өтүп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирикмеге байкоочу өлкө катары кошулууну эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү колдоого алды. Жыйынга катышкан 132 депутаттын 86сы “макул” деп добуш берген.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруучу палатасынын жыйынында депутаттар Өзбекстандын Евразия экономикалык бирикмесине байкоочу мамлекет катары кирүү маселесин карап, колдоп беришти. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Маалыматка караганда, бирикмеге байкоочу өлкө катары кошулууну эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү колдоого алган.

“Жыйынга катышкан 132 депутаттын 86сы “макул” десе, 32си каршы чыкты. Ал эми 14ү калыс”, — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанды ЕАЭБге байкоочу катары киргизүү маселеси үстүбүздөгү жылдын март айында көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0